Ош шаарындагы Сары мазар көрүстөнүндөгү Алымбек датка менен Курманжан датканын жаңыдан курулган күмбөзүнүн курулуш иштери аяктаганын шаардык мэрия кабарлады.
Ал мрамор таштар менен кооздолуп жасалып, ичинде зыяратчылар үчүн куран окууга ыңгайлуу шарт түзүлгөн. Жакынкы күндөрү жаңыдан курулган күмбөз УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин, Алымбек датка, Курманжан датканын урпактары жана туугандарынын катышуусунда ачылышы күтүлүүдө.
Буга чейин күмбөздүн сырткы, ички бөлүгү эскирип, зыярат кылганы келген жарандар үчүн да толук шарт болгон эмес.
Эскерте кетсек, күмбөз УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин жеке каражатынын эсебинен курулуп бүттү.