Ошто асынган абалда табылган эки шектүү боюнча кызматтык иликтөө башталды

Баткен облусунун Кадамжай районунда мектеп окуучусун өлтүрдү деп шектелгендердин өз жанын кыйышы боюнча Жаза аткаруу кызматынын жетекчисинин орун басары Кемел Садыков комментарий берди.

Анын айтымында, Кадамжай районундагы мектеп окуучусун зордуктап, өлтүрүүгө шектелип кармалган эки жарандын Ош шаарындагы СИЗОдо өз жанын кыюу фактысы боюнча кызматтык иликтөө башталды.

Ал белгилегендей, учурда алдын ала маалымат жок. «Окуя болгон жерге кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн ЖАК кызматкерлеринен турган топ жөнөтүлдү. Эгерде кылмыштын белгилери табылса, материалдарды атайын прокуратурага өткөрүп беребиз», — деп жыйынтыктады Садыков.