Ошто куткаруучулар Абдыкадыров көчөсүндөгү үйдүн бекилип калган эшигин ачып беришти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, эшикти ИИМдин кызматкерлеринин өтүнүчү менен ачып беришкен. Батирдеги 1999-жылы туулган кыз Тез жардам кызматына өткөрүп берилген. Жерине 4 куткаруучу тартылган.