Ошто беш өлкөнүн бийчилери жөө жүрүш жасашты (сүрөт)

Кечээ, 16-августта Бабур атындагы өзбек музыкалык драма театрынын алдында алгачкы ирет «Бий искусствосу-2023» эл аралык бий фестивалы башталды. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Фестивалдын ачылыш аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, шаардык кеңештин депутаты Болот Баетов катышып, жалпы бий өнөр ээлерин салтанаттуу куттукташты. Иш-чаранын алкагында бийчилердин жөө жүрүшү болуп, республиканын бардык аймактарынан жана чет өлкөдөн келген кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси өттү. Бий фестивалына Индиянын, Өзбекстандын, Казакстандын, Орусиянын жана Кыргызстандын таланттары катышууда. Иш-чара 19-августка чейин уланат.