Ошто да Кемпир-Абад маселеси боюнча митинг болуп өттү

Ошто Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүнө, активисттер менен саясатчылардын куугунтукталышына каршы борбордук аянтта митинг өттү.

Митингдин катышуучуларынын бири, «Интербилим» коомдук бирикмесинин Оштогу бөлүмүнүн директору Гүлгакы Мамасалиева белгилегендей, УКМКнын кызматкерлери активисттерди жана саясатчыларды тинтүүгө жана кармоого байланыштуу нааразылык акциялары жазылган активисттердин плакаттарын тартып алышкан.