Ошто дайынсыз болуп жаткан 18 жаштагы кыз табылып, туугандарына өткөрүлдү

Ошто дайынсыз болуп жаткан 18 жаштагы кыз табылып, туугандарына өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

«Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн издөө иш чаралардын негизинде дайынсыз болуп жаткан кыздын жүргөн жери такталып, Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратына алып келинип, туугандарына өткөрүлүп берилди»,- дешти.