Ошто эмгекчилер күнүнө карата жөө жүрүшү өттү (видео)

Бүгүн, 1-майда Ош шаарынын борбордук аянтында Эмгекчилердин эл аралык күнүнө карата муниципалдык мекеме-ишканалардын, уюмдардын жана жогорку окуу жайлардын эмгек жамааттарынын жөө жүрүшү болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Катышуучулар «Өчпөс от» мемориалдык комплексинен шаардын борбордук аянты аркылуу Ош улуттук Кыргыз драма театрына чейин жөө басып өтүштү. Ошондой эле шаардык маданият башкармалыгы тарабынан шаар тургундарына майрамдык концерттик программа тартууланды. Иш-чарага 2000ге жакын адам катышкан.