Ошто эски “Келечек” базары жабылып, соодагерлерди көчүрүү иштери башталды

Бүгүн, 1-мартта Ош шаарынын мэри Жанар Акаевдин тапшырмасына ылайык, шаар аймагындагы эски “Келечек” базарын жабуу жана андагы соодагерлерди жаңы “Келечек” базарына көчүрүү иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Буга чейин эски “Келечек” базары 1-марттан тарта жабылып, соодагерлер этап-этабы менен көчүрүлөрү тууралуу маалымдалган.