Мамкурулуш агенттиги тарабынан Ош облусунун Чон-Алай районунун Бурган-Суу айылында Ооганстандын Кичи жана Чон Памиринен келген этникалык кыргыздарга курулуп жаткан жеке турак үйлөрдун ачкычын Кыргызстандын эгемендүүлүк майрамына карата тапшыруу пландалууда. Бул тууралуу Мамкурулуш агенттигинен билдиришти.
Объекттин курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Тендердик баасы 82,9 миллион сомду түзөт. Курулуш-монтаждоо иштери “Олимп и Ко” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө.
Долбоор боюнча турак үйлөр эки үй-бүлөгө ылайыкталган, жалпысынан 10 турак үй курулду. Үйдүн аянты 180 чарчы метрди түзөт, 6 бөлмөлүү. Бүгүнкү күндө турак үйлөрдүн курулуш жумуштары 95 пайызга бүткөрүлүп, учурда сырткы ажатканалардын курулушу уланууда.
Посмотреть эту публикацию в Instagram