Ошто «Фирдаус» мечити «снос» болуп жатат (видео)

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин таңкы рейд учурунда берген тапшырмасына ылайык, Волгоград көчөсүн кеңейтүү боюнча иштердин алкагында, бул көчөдө жайгашкан “Фирдаус” мечитин буздуруу иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Ошондой эле, аталган көчөдө жайгашкан конок үйүнүн жолго чыгып кеткен тарабын бузуп алып салуу боюнча ээлерине эскертүүлөр берилип, тиешелүү кызматтар тарабынан мыйзамдуулугун текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Мындан сырткары, Волгоград көчөсүнүн №2Б дарегинде жайгашкан турак үйдүн ээлеринин макулдугу менен курулушту жылдыруу, жолду бошотуу боюнча иш алып барылууда.