Ошто ичүүчү таза суунун сарамжалдуу пайдаланышы боюнча рейд жүрдү

Рейддин жүрүшүндө “Ош шаар суу канал” ишканасынын өкүлдөрү тарабынан шаар ичиндеги көп кабаттуу жана менчик турак үйлөрдүн жашоочулары ичүүчү таза сууну үй алдындагы бакчаларын суугаруу үчүн өз алдынча орнотуп алышкан 122 суу түтүктөрү кесилип, сарамжалдуу пайдаланбаган тургундарга, мекеме-ишканаларга эскертүүлөр берилип, айрымдарга айып пул салынды. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Текшерүү учурунда, 70 үй ээсине, 13 ишканага акт түзүлдү. Ишкана шаар тургундарын учурдагы климаттык шартка байланыштуу, ичүүчү таза сууну ысырап кылбоого чакырат. Эгер зарылчылык болсо, түнкү саат 24:00дөн баштап, таңкы саат 5:00гө чейин колдонууну сунуштайт.
Ичүүчү сууну сарамжалсыз пайдалангандарга рейд сентябрь айына чейин, күн сайын өткөрүлөт.
Эскертүү: ичүүчү таза сууну килемдерди, унааларды жууганга, жерге чачканга жана турак жайлардын алдындагы бакчаларды суугарууга тыюу салынат.