Ноокен районунун Дооронбек Садырбаев айыл өкмөтүнүн Бирдик айылынын №31-Жумалы Татыкулов орто мектебинин 1986-1987-жылкы мектеп бүтүрүүчүлөрү айылдагы жалгыз бой энеге үй салып беришти. Бул тууралуу “Султан уулу Мааданбек” мечитинин имамы Ниязбек Мамытов билдирди.
Айыл имамынын айтымында, бүтүрүүчүлөр өз айылынын көйгөйлүү маселерин чечүүдө ар дайым көмөктөшүп келишет. Бул мезгилге чейин да бир топ алгылыктуу иштерге жардам колун сунушкан. Салтка айланган 10 жана 20 жылдык мааракелерди уюштурушкан мектеп бүрүүчүлөрү бир күндүк жыргалчылыктын ордуна сооп иштерди жасап, айылдаштарынын алкоосуна татып келишет. Жалгыз бой энеге жана анын балдарына арналып салынган үйгө жалпысынан 2 миллион сомдондон ашуун акча каражат жумшалган. Келээрки жылкы мектеп бүтүрүүчүлөрү ушул эле үйдүн тегерегин тосуп, дарбаза коюп берээрин убадалашты. Ал эми үйлүү болуп кубанып турган эне уюштуруучуларга жана демилгечилерге ыраазычылыгын билдирди. Сооптуу иштин башында турган 1987-жылкы балдардын мындай аракети айыл элин кубантты.
Президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку материалдык жардам берүү тууралуу тескемеге кол койду. Документке ылайык, Улуу...
Ош облусунун Араван районунда башка аймактарга салыштырмалуу жашылча жемиштер 2-3 жума эрте бышат. Учурда капустанын басай сорту бышып, дыйкандар экспортко...
Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу 15-апрелден 19-апрелге чейин жаан-чачын күтүлүп, абанын температурасы жогорулайт. Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу...
Президент Садыр Жапаровдун Ош облусуна болгон иш сапары жыйынтыкталды. Өлкө башчысы Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев менен биргеликте...
Кечээ, 15-апрелде Бишкек шаарынын ЖЭБнин базасында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Үсөналиевдин төрагалыгы алдында...