Ошто ИИМ тарабынан кармалган Орозайым Нарматованы колдоо митинги болуп өттү (видео)

Ошто “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын өкүлдөрү менен Орозайым Нарматованын жакындары облустук ички иштер башкармалыгынын алдына митингге чыгышты. Алар кармалган жаранды бошотууну жана бийликти сындаганы үчүн куугунтукту токтотууну талап кылышты.

«Орозайым Нарматованын сүйлөгөн сөздөрү сын эмес, бүгүнкү күндүн чындыгы. Ал чындыкты айтты. Биз анын бошотулушун талап кылабыз», — дешти митингчилер.

>