Ошто жаңы төрөлгөн ымыркайды апасы төрөтканага таштап кетип калды

Ошто жаңы төрөлгөн ымыркайды апасы төрөтканага таштап кетип калды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты.

Ымыркай 8-апрель күнү Ош облустук төрөтканасында жарык дүйнөгө келген. Аны төрөгөн энеси төрөтканага таштап кетип калган. Эненин төрөтканага ойдон чыгарылган ысым менен түшкөнү аныкталган. Ымыркай азырынча төрөтканада каралууда. Дарыгерлер укук коргоо органдарына арыз менен кайрылышкан. Азыркы учурда баласын таштап кеткен энеси изделүүдө.