Ошто жаздын биринчи күнүн көчөлөргө суу чачуу менен башташты

Жаздын алгачкы күнүнөн тарта «Ош-Тазалык» ишканасы жолду тазалоого киришип, көчөлөргө суу чачышты. Бул тууралуу аталган ишканадан маалымдашты.

«Жаздын келиши менен биздин аракетибиз чаң менен күрөшүүгө жана шаарды тазалоого багытталат.
Биздин ишкананын үч суу ташуучусу тең күнүгө эртең менен шаардын көчөлөрүн сугарышат», — деп жазылат маалыматта.