Ошто жер көчкү коркунучу пайда болуп, 8 үй-бүлө көчүрүлдү

Кечээ, 13-мартта саат 16:07 чамасында Алай районундагы Курманжан-Датка айыл аймагынын Кызыл-Ой айылындагы тоонун үстүндөгү кар эрип түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Анын кесепетинен тоонун боорунан 8 үйдү карай суулар агып, жер көчкү коркунучу активдешип, тоонун бетинде жаракалар пайда болгондугу тууралуу маалымат берилген. Жерине ӨКМдин Алай райондук ӨКБдан ыкчам топ тартылып, тактоо иштерин жүргүзүшүп жогоруда аталган үй тургундары туугандарыныкына убактылуу көчүрүлгөн. Бүгүнкү күнгө чейин ӨКМ тарабынан аталган аймак жер көчкү коркунучу бар деп аныкталган.

Жалпы 15 үйдүн жашоочуларына кооптуу аймак экендиги тууралуу корутунду берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле 5 үйдүн ээсине мамлекет тарабынан жер тилкелери берилип, Алай райондук ӨКБ тарабынан эскертмелер берилген.