Ошто каза болгон 3 жашар бала. Укук коргоочу баланын кудукка түшүп чарчап калганына ишенбей турганын жазды

Буга чейин  “Балдардын укугун коргоочулар лигасы” коомдук бирикмесинин жетекчиси Назгүл Турдубекова соцтармактагы баракчасына Ошто 3 жашар бала каза болгонун, жакындары анын өлүмүнүн себебин жашырып жатышканын жазып чыккан.

Ош ОИИБ маалымат таратып, баланын кудукка түшүп каза болгонун, факты каттоого алынганын билдиришкен. Бирок укук коргоочу бул версияга ишенбей турганын жазды. «Ош облусунун Жапалак айылындагы туугандарынын айтымында, үч жашар бала кечээ апасынын туугандарынын үйүндө каза болгон. Ал кудукка түшүп кеткен имиш. Туугандары милицияга кабарлашпай, Тез жардам менен ооруканага алып барышкан, дарыгерлер эмнегедир милицияга билдиришкен эмес. Бала эки сааттан кийин жерге берилген. Бирок баланын апасы тараптан агасы Москвадагы атасына телефон чалып, баласын өлтүргөнүн, эч нерсе кыла албастыгын, мас абалында болгонун айткан. Азыр туугандары баланы эксгумацияга бербей жатат. Суроо туулат, эмне үчүн туугандары да, дарыгерлер да милицияга дароо кабарлашкан эмес? Бала өлтүрүлгөн болушу мүмкүн», — деп жазды ал.