Ошто бүтүрүүчүлөрдүн 20 жылдык жолугушуусунан кийин жолдошунун колунан каза болгон келин боюнча өз пикирин билдирген ТикТокчу Бауржанды кылмыш жоопкерчилигине тартууну суранып жатышат.
Адвокат Шердор Абдыкапаров милицияга арыз жазуу үчүн кол топтолуп жатканын айтты. Ал бүгүн, 9-июнда милицияга арыз жазыларын билдирди.
«Жөндөн жөн кантип эле катынын атып салсын? Жамаш иш болгон. Буга 10, 20 жылдык себеп болуп жатат. Арак-шарап болгон жерде ыплас иш болгон»,- деген блогер.