Ошто кош бойлуу аялын сабады деп шектелген адам күнөөсүн моюнуна алды

Ошто кош бойлуу аялын сабады деп шектелген адам күнөөсүн моюнуна алды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

“Шектүү чындап эле аялын жана кайын энесин сабаганын моюндады. Сабоодон алган жаракаттардан улам анын кайын энеси 27-октябрда көз жумган. Шектүүнүн айтымында аялы жана кайын энеси дайыма анын үстүнөн күлүп, шакаба кылышчу. Каргаша болгон күнү да алкоголдук ичимдик ичип келген шектүүнү аялы менен кайын энеси шылдыңдаган. Буга ызаланган ал аялын жана апасын сабаган” деп билдирет шаардык милиция.