Ошто окуучу кыз мектеп директору тарабынан сабалганбы? Директор үн катты

Билим берүү жана илим министрлиги Ош шаардык билим берүү башкармалыгы берген маалыматка таянып, Ош шаарындагы №3 Ломоносов атындагы мектеп-гимназиясындагы окуя тууралуу маалымат берди.

14-март күнү саат 8:15те директор класс жетекчилер, социалдык педагогдор, мектептен жана класстан тышкаркы иштерди уюштуруучулар менен биргеликте сабакка кечигип келген окуучуларга мектеп формасын сактоо жана кечикпей келүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

«Ошол окуучулардын бирине директор жана мугалимдер окуучулук форманы сактоо керектигин эскерткен. Ал окуучуга эскертүү айтылып жаткан учурда анын классташтары жана класс жетекчиси жанында турган. Мектеп директору окуучуга кол тийгизбегендигин, урбагандыгын жана жанында күбө мугалимдер, мектеп окуучулары болгонун билдирди. Директор катары ал окуучулардан мектеп формасын гана талап кылган», — деп айтылат маалыматта.

Кечээ, 14-мартта Ош ШИИБ маалымат берип, Ош шаарынын 77 жаштагы тургуну милицияга арыз жазганын билдирген. Ал арызында 2008-жылы туулган небересин мектеп директору мектеп формасы боюнча талапка жооп бербеген кийим кийип баргандыгы жана сабакка кечигип келгендигин айтып, урганын айткан. Окуя боюнча мектеп директору, бардык күбөлөр суралат, окуяны териштирүү иштери башталды.