Ошто ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобековду колдоо митинги өттү

Ошто ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобековду колдоо митинги өттү. Маалыматка караганда, колдоо митингине аталган окуу жайдын студенттери жана мугалимдери чыгышкан. 

Алар ректордун кызматтан алынышына нааразы болушуп, анын ордунда калышын талап кылышты.

Ош шаарында 4-ноябрда «Азаттык» партиясы үгүт иштерин жүргүзүп, аянтка жарандарды чогулткан. Иш-чарага студенттер да барган. Бул коомчулук тарабынан сынга алынып, административдик ресурс колдонуу катары сыпатталган. Окуя боюнча Ош ШИИБ комментарий берип, студенттерди окутуучулар экскурсияга барабыз деп алдап, үгүт иштерине алып барганын маалымдаган. Кечээ, 9-ноябрда окуя боюнча Министрлер кабинети маалымат таратып, Ош шаарындагы студенттердин угүт иш-чараларына катышкандыгы үчүн Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков кызматтан алынганын билдирген эле. Кийинчерээк билим берүү министри Болот Купешев журналисттерге ОшМУнун ректору кызматтан алынбаганын, анын кызматтан убактылуу четтетилгенин айтты.