Ошто саат 14:30га карата мыйзам бузуулар боюнча 8 билдирүү келип түшкөн

Бүгүн, 11-июлда саат 14:30га карата Ош шаардык кеңешине депутаттарды кайра шайлоо учурунда мыйзам бузуулар тууралуу 8 билдирүү келип түшкөн. Бул тууралуу брифинг учурунда Ош аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Урмат Аттокуров билдирди.

Анын айтымында, шайлоочулардын добушун сатып алуу боюнча – 2, жарандардын шайлоочулардын тизмелери менен шайлоо тилкелеринде туруусу боюнча – 4 жана шайлоочуларды унаа менен ташуу боюнча – 2 билдирүү келген. «Мындан тышкары, шайлоочулардан 1, социалдык тармактардан 4, Ички иштер башкармалыгынан 3 билдирүү түшкөн», — деди ал.

Аттокуров 2 билдирүү боюнча ыкчам чара көрүлүп, маалыматтардын электрондук каттоо журналына катталгандан кийин АШКга өткөрүп берилгенин айтты. «6 билдирүү боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат», — деп кошумчалады.