Ошто таежеси тарабынан сабалган бала фостердик үй-бүлөгө берилди

Ошто туугандары тарабынан сабалган бала фостердик үй-бүлөгө берилди. Бул тууралуу Эмгек министрлигинен билдиришти.

26-июнда Сары-Могол айылынын тургуну 2019-жылы туулган баланын 1989-жылы туулган таежеси тарабынан зордук-зомбулук фактысы жөнүндө билдирген. Бала Алай районунун Гүлчө айылынын ооруканасына жеткирилген. Райондук ооруканада балага бардык зарыл медициналык жардам көрсөтүлгөн. Алай РИИБ тарабынан баланын ден соолугуна соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү боюнча иштер жүргүзүлүп, тиешелүү актылар түзүлдү.

Алай райондук социалдык камсыздоо башкармалыгынын буйругу менен бала фостердик үй-бүлөгө жайгаштырылды, азыркы учурда баланын абалы канааттандырарлык. Баланын кийинки тагдыры Алай районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын балдар иштери боюнча комиссиясы тарабынан каралат.