Ошто таң эрте жер титиреди. Жабыркагандар жок

Бүгүн, 25-июнда таңкы саат 5:22де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жер титирөө Алай районунун Сары-Таш, Арча-Булак, Сары-Могол, Ак-Босого, Талды-Суу айылдарында 3 баллга, ал эми Кожо-Келең айылында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.