Ошто Төлөйкөн ат майданы оңдоп-түзөлүп жатат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош облусунун Кара-Суу районундагы “Ош облустук Төлөйкөн ат майданынын” капиталдык оңдоп-түзөө жана реконструкция жумуштары жүрүп жатат.

Капиталдык оңдоп-түзөө жумуштарын баштоого 15-июнда «Темир-Стройсервис» ЖЧКсы менен келиши түзүлгөн. Аны ушул жылдын 20-августунда бүтүрүү планы коюлду. 20-августта баштала турчу ат оюндары жаңыланган ат майданда өткөрүү пландалууда.

Оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов барып текшерип келген.