Ошто тургундар муктаж үй-бүлөгө заманбап үй куруп беришти (сүрөт)

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Жылалды айыл өкмөтүндөгү Красный Маяк айылынын тургундары айылдагы муктаж үй-бүлөгө заманбап, бардык шарттары бар үй тургузуп беришти.

Мындай демилгени аталган айылдын имамы Уларбек Самиев көтөрүп, элди ушул сооптуу ишке кол урууга чакырган.