Бүгүн, 10-апрелде президент Садыр Жапаров Ош шаарында болгон иш сапарынын алкагында Ак-Буура дарыясын тазалоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 22 атайын техника бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө дарыянын нугунан 323 510 тонна таштанды чыгарылды. Жыйынтыгында Ак-Буура дарыясынын 17 чакырым аралыгы таштандылардан толук тазаланып, тийиштүү тартипке келтирилет.