Оштогу батирден улгайган аялдын жансыз денеси табылды

Ош шаарынын куткаруучулары Краснофлотская көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн батирлеринин бекилип калган эшигин ачышкан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Батирдин ичинен 1950-жылы туулган аял кишинин жансыз денеси табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Эшик ачууга Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган.