Оштогу клиникалык ооруканасынын төрөт үйү 250 орунга көбөйтүлөт

Саламаттыкты сактоо министрлигинин 4-октябрындагы буйругуна ылайык, башка багытта колдонууга өтүп кеткен Ош шаардык клиникалык ооруканасынын төрөт үйүнүн имараттарынын бири кайтарылат.

Буга чейин стационардын ал имаратында Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу медициналык институтунун түштүк филиалы жайгашкан. Ош шаардык клиникалык ооруканасынын жетекчилиги Шаятбек Абдурхмановдун айтымында, жыл сайын шаардык клиникалык оорукананын төрөт үйүнө кайрылгандардын саны көбөйүп, Ош шаарынын кош бойлуу жана төрөгөн аялдар үчүн керебеттердин жетишсиздиги кескин байкалууда.

«Биздин төрөт үйүбүз Ош шаарынын гана эмес, Ош облусунун тургундарын да кабыл алат», — деди ал. Имарат бошотулгандан кийин төрөт үйүндөгү керебеттердин саны 250 орунга чейин көбөйөт.