Оштогу көк бөрү массалык башаламандык менен аяктады (видео)
Бүгүн, 31-августта Ошто көк бөрү боюнча президенттин кубогуна болгон оюнду жогорку лигада “Ынтымак” жеңди. Финалдык беттеште “Ынтымак” менен “Достук” кез келип, эсеп сандар 2:1 менен “Ынтымактын” жеңиши" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/sport-kabarlar/kok-bory-prezidenttin-kubogun-yntymak-jendi/">жеңиши менен аяктаган.
Күбөлөр жазгандай, оюн массалык башаламандык менен аяктады. Күйөрмандар калыска нааразы болуп, оюн талаасына чуркап жөнөшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча алар калысты сабап салышкан.
Милиция маалымат бере элек.