- Рауза атындагы медресенин тиешелүү уруксат кагаздары жок болгондуктан, ал медресени жабуу боюнча тиешелүү мекемелерге сунуштар жиберилди. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө жогорудагы кылмышты 13 жаштагы 3 өспүрүм жана 12 жаштагы 1 өспүрүм тарабынан жасалгандыгы аныкталып, алардын кыймыл-аракеттеринде Кылмыш-Жаза кодексинин 130-беренесинде каралган кылмыштын курамы бар экендиги такталган. Бирок окуя болгон учурда жогорудагы балдардын жаш курагы 13 жашта экендиги, ал эми Кылмыш-Жаза кодексинин 28-беренесинин 2-бөлүмүндө кылмыш жасаганга чейин жашы 14кө толгон бала ушул Кодекске ылайык кылмыш жаза жоопкерчилигине тартылууга тийиш деп көрсөтүлгөн.
Бишкектин Киев жана Токтогул көчөлөрүндө бир тараптуу жол кыймылы киргизилет
Бишкек шаарынын мэриясы Чүй проспектисинин ачылышына байланыштуу жакынкы күндөрү Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн Ибраимов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгүндө бир...











