Оштогу сел: Базардан суу агызып кеткен аялдын артында 7 баласы калды

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева катуу келген селдин кесепетинен каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты. Акыйкатчы институтунун Ош облусу боюнча өкүлчүлүгү каза болгондордун жакындары менен жолугуп келишти. Туугандарына укуктук жана юридикалык колдоо көрсөтүлүүдө.

Каза болгондордун биринин жети баласы жетим калды. Алардын алтоо жашы жете элек балдар. Акыйкатчынын тапшырмасы менен баардык мүмкүн болгон чаралар көрүлүп, кызматкерлер акысыз психологиялык кеп-кеңештерди берүүгө даяр. Ошондой эле, Акыйкатчы институтунун кызматкерлери селден жабыркап, үй-мүлксүз калган жарандар менен да жолугушту. Аларга  укуктук кеп-кеңештер берилип, мамлекеттен кандай жардам алуу тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ошону менен катары эле, Акыйкатчы Институтунун жалпы жамааты селден жабыркагандар үчүн жардам ирээтинде бир күндүк эмгек акысын которушат.