Оштогу төрөтканада удаасынан 2 ымыркай чарчап калды

Ош шаарындагы төрөтканада келиндин курсагындагы бала чарчап калган. Окуя боюнча келиндин жакыны менен төрөт үйдүн жетекчилиги маалымат берген.

Келиндин жакынынын айтымында, анын жеңеси ай-күнү жетип төрөтканага барып, бирок дарыгерлердин шалаакылыгынан анын баласы чарчап калган. «Бир толгоо келип, өтүп кеткен экен. Ага чейинки текшерүүдөн бала жакшы экенин айтышыптыр. УЗИге түшөйүн десе, дарыгер кеч келиптир. Аппаратка түшүргөндө кеч болуп калыптыр. Азыр эле биздин көзүбүзчө дагы бир ымыркай чарчап калды», — деди Куршаб айыл өкмөтүнүн тургуну Таалайбек Бактияр уулу. 

Ош шаардык төрөт үйүнүн жетекчисинин убактылуу милдетин аткаруучу Миргүл Султаналиева окуя боюнча өз түшүндүрмөсүн айткан. Анын айтымында, 23 жаштагы келин 5-май күнү айынан өтүп келген. Мурдагы баласын операция менен төрөгөндүктөн, бир-эки толгоо болгондо алып келишкен. «Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Эч кимди күнөөлөй албайбыз», — деди ал.

Ал эми дарыгер бүгүн, 6-майда да бир ымыркай чарчап калганы боюнча ымыркай айына жетпей төрөлүп калып, жашап кетпегенин айтты. «Келиндин баласы чарчап калды. 34-жума болгондо суу кетип баштады. Суу инфекция киргенде кетет. Дене табы көтөрүлүп баштагандыктан төрөтүп алдык. Бирок бала жашап кеткен жок», — деген ал.