Бүгүн, 1-августта Ош шаарынын борбордук аянтында V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Казакстандын Астана шаарына жол алган 77 жаштагы Ош шаарынын тургуну Мамыт Таштановду узатуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Ал буга чейин, 2022-жылдын 5-августунда Түркиянын Изник шаарында өткөн IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына велосипед менен барган.