Өткөн жылы ага чейинки жылга караганда баш кошкондор да, ажырашкандар да аз болду

Өлкөдө ажырашкандар дагы деле көп болуп жатат. Өткөн жылы 40 миңге жакын түгөйлөр никесин каттап, ошол эле учурда 10 миңге чукулу ажырашууга арыз берген. Бул тууралуу Каттоо кызматынан маалымат таратышты. Ал эми 2019-жылы 50 миңге жакын жаштар үйлөнсө, 11 миңдей жуп эки ажырым жолго түшкөн.

Улуттук статистикалык комитеттен 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча ар бир бешинчи нике ажырашуу менен аяктап жатканын билдиришти. Айыл жергесинде миң никени каттоого 154 ажырашуу, ал эми шаарларда ушул эле көрсөткүч 2,5 эсеге жакын көп туура келет.