Өткөн жылы Кыргызстандын ар бир төртүнчү жашоочусу жакырчылык шартында жашаган

Өткөн жылы Кыргызстандын ар бир төртүнчү жашоочусу жакырчылык шартында жашаган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинен билдиришти.

2020-жылы жакырчылыктын чегинде 1 миллион 678 миң адам жашаган, алардын 73,7 пайызы калк отурукташкан айыл пункттарынын тургундары. «2020-жылы жакырчылыктын деңгээли Ош шаарында жана Талас облусунда мурунку жылга салыштырганда анын төмөндөгөнү белгиленди. Калган региондордо жакырчылыктын деңгээли өскөн, анын ичинде Жалал-Абад, Нарын, Чүй, Ош, Ысык-Көл жана Баткен облустары, ошондой эле Бишкек шаары да бар», — деп айтылат маалыматта.

Жакырлардын жалпы санынын 58 пайыздан көбү Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарында жашашкан.