«Өз балаңдан жакшы сөз укпайсың, анан келинден жакшы сөз кантип күтөсүң?» дейт балдары катташпай кеткен эне

SUPERTV бул жолу биз 50 жаштагы Акмөөр Алашованын башынан өткөн оор тагдырын баяндайт. Каарманыбыз учурда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген кызы менен бир бөлмөлүү батирде жашап, ооруканада пол жууп иштейт. «Жолдошум каза болгондон кийин балдарым карабай кетти» дейт ал.

Анын айтымында, жолдошу мындан 12-13 жыл мурда көз жумган. Айылдан балдары менен көчүп кетүүгө мажбур болушкан. 2 кызы колунда чоңойгон, ал эми 3 уулу кайын журтунун колунда калган. Балдары азыр апасы менен катташпайт. Эне буга «тарбиясы ушундай болуп калган экен, кайын журтум апаң менен катышпа деп айтышса керек» деген себепти айтат.

«Ичиңден чыккан баланы кыя албайт экенсиң. «Мейли эми, кайда болсо, аман болсун» дейт экенсиң. Апаңарга барбагыла, силерди биз чоңойтконбуз дешет экен. Улуу балам 1993-жылы туулган. Андан кийинкиси 1994-жылкы», — деди каарманыбыз.

Ал балдары менен сүйлөшүп, жер алып үй салалы деген сунушту айткан. Бирок улуу баласы макулдугун берсе, кичүүсү баш чайкап такыр болбой койгон. «Келиним бар. Уулум Таластан аял алган. Өз балаңдан жакшы сөз укпайсың, анан келинден кандай сөз угасың? Ошондон улам мейличи дегем», — дейт аял.