«Өз көзүң менен көрүп кел деп жөнөттү». Ташиев Ош-Бишкек жолунун Суусамыр бөлүгүндөгү жолду оңдоо иштеринен кабар алды

Камчыбек Ташиев Ош-Бишкек жолунун Суусамыр бөлүгүндө жолду асфальттоо иштеринин жүрүшүн барып көрдү.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жол куруучуларга жана транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаевге жолдун сапатына жана аяктоо мөөнөтүнө катуу көңүл бурууну эскертти.

Аталган жол тилкеси Төө-Ашуудан баштап Ала-Белге чейин, жалпы 85 чакырымды түзөт. Учурда жолдун 50 чакырымына Кытайлык «Чайна Роуд» компаниясы, ал эми 35 чакырымына башка жеке компания асфальт төшөө иштерин жүргүзүүдө.