Өзбекстандагы эң чоң телеканалдарга саякат. Кыргыз журналисттеринин сапарынан сүртүмдөр

Бүгүн, 14-октябрда пресс-тур менен Өзбекстандын Ташкент шаарында жүргөн Кыргызстандын журналисттери алгач Өзбекстандын президентинин Администрациясына караштуу Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттигине барышты.

Ал жерде аларды агенттиктин жетекчисинин орун басары Дилшот Саиджанов менен ТВ жана радио менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Нигора Ходжаева тосуп алып, журналисттер, блогерлер жана маалымат катчылар менен иштөө боюнча маалымат беришти. Ошондой эле журналисттердин кызыккан суроолоруна жооп беришти.

Ошондой эле журналисттер Өзбекстандагы эң чоң менчик каналдар «SEVIMLI TV» жана «ZO’R TV» телеканалдары менен таанышышты.

«SEVIMLI TV» телеканалынын башкы редактору жана башкы редакторунун орун басарынын айтымында, телеканал жалпы үй-бүлө көргөнгө багытталган. Көрүүчүлөрү 7 жаштан 70 жашка чейинкилер. Телеканал сериалдарды, ток шоу жана маданий берүүлөрдү тартат. Редактордун орун басарынын айтымында, коомдун көйгөйүн чагылдырган жана аны эскперттер менен талдап, “чоңдор” менен чечүүгө аракет кылган “Жаңы жашоо” аталышындагы ток шоу берүүсү өлкө боюнча көп көрүүлөрдү топтойт. Атактуулардын басып өткөн жолун чагылдырган “Эстеп”, келиндердин жашоосуң жеңилдетип, ар-түрдүү тамактардын жасалышы менен бөлүшүп таймашкан, жеткинчектердин билимин сынаган берүүлөр да популярдуулукка ээ. Каналда 600гө жакын адам эмгектенет. Жана каналды сыналгыдан 26 миллиондон ашык адам көрөт. “Даракчи” аттуу гезити 1 жумада бир 15 миң тиражда чыгат.

Андан соң, журналисттерди «ZO’R TV»каналынын башкы директору Энвер Латибжанов тосуп алды.

Анын айтымында, телеканал 2017-жылы ачылган. “Ютубда 6 миллион, Инстаграм баракчабызда да 6 миллион катталуучу бар. “Маска” жана “Голос” берүүбүз эң популярдуу. Саат 6:40тан 9:00гө чейинки таңкы берүүлөр өтө көп көрүлөт”,- деген ал компанияда 500дөн ашык киши иштей турганын айтты.