Өзгөндө 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 27-майда саат 19:24тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Тактап айтканда, жер титирөө Өзгөн районунун Шералы, Шоро-Башат, Кароол айылдарында жана Өзгөн шаарында — 3,5 балл, Кара-Дыйкан, Жыланды, Красный Маяк, Калта, Бакмал, Мырза-Арык айылдарында — 3 балл, Мырза-Аке, Большевик, Куршаб айылдарында — 2,5-3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.