Өзгөндө агасынын ашына кеткен каражаттын ордуна таза суу чыгарып берген

Өзгөндө көзү өткөн агасынын жылдык ашына кеткен каражаттын ордуна туугандары Жылалды айылына таза суу чыгарып беришкен.

«Кыргызстанда суу жок айылдар көп. Жакшы нерселерге буруп, муктаждыктарды өзүбүз чечип алсак жакшы болот», — деди видеонун автору.