Өзгөндө жер көчкүдөн улам көчүрүлгөн тургундарга чатырлар тигилип жатат

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бүгүн, 24-март саат 07:00дөн тартып Өзгөн районунун Карл Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесине 18 чатыр орнотула баштады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Ал үчүн 15 куткаруучусу тартылып, чатырлар кооптуу жерден 2 чакырым 200 метр аралыкта жайгашып, таза суу жана электр энергиясы орнотулду.

22-март күнү саат 05:00 чамасында Карл Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер кыртышы активдешип, болжол менен 1 миллион метр куб жер көчкү түшкөн. Аймакта жайгашкан 18 турак жайда күн кечирип келген 195 тургун жеңил оокатары менен коопсуз аймакка көчүрүлгөн.

Аталган аймактагы жер көчкү 2007-жылдын жаз айларында активдешип баштаган. 2022-жылдын 5-сентябрында ӨКМдин мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаменти корутунду чыгарып, кооптуу деп табылган 18 турак үйдүн ээлерин көчүрүү керектиги эскертилип, сунушталган.