Агартуу министрлиги социалдык тармактарда тараган мектепке чейинки билим берүү уюмундагы окуя боюнча төмөнкүлөрдү маалымдайт.
Окуяны териштирүү максатында Өзгөн райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү тарабынан өкүлдөр жеринде иш алып барышты. Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында аталган уюмдун директору ээлеген кызматынан бошотулду. Ошондой эле, тарбиячы кесиптик этиканын талаптарын бузгандыгы үчүн тартиптик жаза катары сөгүш жарыяланды. Мындан тышкары, конфликт учурунда уюмдун жамааты тарабынан тиешелүү чаралар көрүлбөй, байкоочу абалда калып, аракетсиздикке жол берилгендиги үчүн тартиптик чара катары эскертүү берилди.
Аталган факт Өзгөн райондук ички иштер бөлүмү тарабынан каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө бала бакчанын жетекчиси жана тарбиячысы бири-бирине карата арыз-доолору жок экендигин билдиришкен.









