«Өзүмдү кемсинтчүмүн». Жо Байден атыккан альбинос Саша Кыргыз жашоосун өзгөрткөн кесиптеши тууралуу айтып берди

Жакында гана интернет дүйнөсүнө Саша Кыргыз аттуу альбинос жигиттин видеосу тарады. Бат эле интернет жылдызына айланган Саша мырзаны АКШнын президенти Жо Байденге окшоштургандар көп. Учурда тамадалык кызмат өтөгөн, жан дүйнөсү чыгармачылыкты жактырган кыргыздын Жо Байдени менен маек курдук.

«2017-жылы Бишкекке келдим, бирге иштеген эже болчу. Ал мага мотивация берди. Мен абдан түнт, суроо берсе жооп бере албаган жигит болчумун. Өзүмө болгон кемсинтүү болчу. Андан соң «эл эмне десе ошол десин, мен ушундай жаралганыма өкүнбөйм, сүйүнөм» дегем. Ошол максаттарыма жетем. Мага карата негатив бул көрө албастык, анткени алар мендей сулуу эместер», — деди ал.