Памирлик кыргыздарга 95 тонна гуманитардык жардам көрсөтүлдү (видео)

Памирлик кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

7-9-октябрь күндөрүнүн аралыгында президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча УКМКнын экспедициялык тобу Ооганстандагы оор кырдаалга карабастан, Кичи жана Чоң Ооган Памиринде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Кыргыз Республикасы тажик бийлигинин уруксаты боюнча мурда колдонулган Тажикстандын аймагы аркылуу өткөн коридордун оптималдуу узундугунун жана коопсуздугунун жоктугунан улам, биринчи жолу, Министрлер кабинети бекиткен тизме боюнча, гуманитардык жүктөр Ооганстандын өзүндө сатып алынды. Ооган кыргыздарына жеткирилген негизги азыктын жалпы көлөмү 95 тоннаны түздү.

Гуманитардык акциянын ишке ашыруунун алкагында, экспедиция этникалык кыргыздардын мындан ары коопсуз жашоосун жана Ооганстандын аймагы аркылуу эркин жүрүүсүн камсыз кылуу боюнча, ошондой эле Ооганстандын жарандары катары аларга ар тараптуу колдоо боюнча жогорку деңгээлдеги макулдашууларга жетишти.