Папан айыл аймагынын тургундарынын нааразычылыгын жараткан Жогорку Соттун чечими боюнча УКМК үн катты

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл аймагынын тургундары жалпыга маалымдоо каражаттарына «УКМК иштебейт» деп билдирген жана УКМКнын Ош шаардык жана Ош облустук башкы башкармалыгына болгон нааразылыгын билдирген. Буга байланыштуу УКМК алардын арызын карап чыгып, билдирүү таратты.

«Кара-Суу районунун Дыйкан-Кыштак айылынын тургундарынын арызынын негизинде жарандык сот инстанцияларынын отурумдары болуп өткөндүгү аныкталды. Анда Дыйкан-Кыштак айылынын тургундары аларга таанымал болгон үлүш жерлерине Папан айыл аймагынын тургундары мыйзамсыз үйлөрдү куруп алганын белгилеп, мыйзам чегинде курулуш иштерин токтотуп, курулуп калган үйлөрдү сүрдүрүп берүүнү өтүнүшкөн.

Жогорку Соттун 28-июндагы чечимине ылайык, мыйзамсыз курулуш деп табылып, сүрдүрүү иштери Кара-Суу районунун сот аткаруучулар кызматына жүктөлгөн. Муну менен катар, буга чейин мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзүп жаткан Папан айыл аймагынын тургундарына, үлүш жер ээлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан бир нече ирет курулуш иштерин токтотуу боюнча эскертилген.

28-сентябрь күнү сот аткаруучулар баштаган комиссия тарабынан аталган жерде курулуп бүткөн мыйзамсыз 14 үйдүн 2 үйү сүрдүрүлгөн. Аталган чечим жарандык тартипте каралган соттук чечим болуп саналат жана бул чечимге Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жана анын жетекчилигинин эч кандай тиешеси жок», — деп айтылат маалыматта.