Бүгүн, 30-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда пара алууга шектелип кармалган билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевдин бөгөт чарасы каралып, 2 айга камакта калтырылды.
Райондук соттун маалыматына караганда, ал 28-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагында болот.
Ал буга чейин журналисттерге күнөөсүн моюнуна албай турганын жана видеодогу акча пара эмес, инвестиция катары берилгенин айтты.