Парламенттик шайлоо. Дагы 4 талапкер жарышка катышуудан баш тартты

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 24-ноябрда бир мандаттуу округдар боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир катар талапкерлердин шайлоого катышуудан баш тартуусу тууралуу билдирүүнү карады.

Шайлоого катышуудан баш тарткан 4 талапкер:

— Борочоров Талантбек Айсаракуновичке — №33 Нарын округу боюнча,

— Абдыкеримов Шаршенбек Шайлообекович — №33 Нарын округу боюнча,

— Ибраимова Атыркүл Сыйдалиевна — №33 Нарын округу боюнча,

— Артыкбаев Сейдахмат Жокобаевич — №13 Сузак округу боюнча,

Муну менен 24-ноябрга карата бир мандатту шайлоо округунан 284 талапкер калды. Ошондой эле 21 партия бар.