Парламенттик шайлоо. Равшан Жээнбековдун адвокаты ага дебатка барууга уруксат берүүнү суранды

№26 Ленин шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Равшан Жээнбековдун жактоочусу Замир Жоошев Фейсбуктагы баракчасына Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна аны жарыш сөзгө чыгаруу жана ага соттук коллегияны берүү боюнча арыз жолдогондугун жазды.

«Равшан Жээнбековду конвой 16-ноябрда саат 12:30дан 13:00гө чейин студияда жеке кайрылуусун жаздыруу жана 19-ноябрда саат 20:50 дебаттарга катышуу үчүн каналдын кеңсесине жеткирсин», — деди адвокат.