Паспорт менен күбөлүктөр эми айыл өкмөтүнөн берилип баштайт

Паспорт, күбөлүктөрдү жана бир катар документтерди берүү иши эми айыл өкмөтүнүн мойнуна жүктөлөт. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта өкмөт башчы Улукбек Марипов Ош облусундагы иш сапарыныны алкагында билдирди.

Маалыматка ылайык, премьер-министр Улукбек Марипов мындай пикирди Ош облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Араван районундагы калкты тейлөө борборлору жайгаша турчу имараттарды кыдыруу учурунда айткан.

Мариповдун айтымында аймактарда документ берүүнү жеңилдетүү керек.

Айыл өкмөттүн милдеттерине бир катар күбөлүктөрдү берүү киргизилет. Алар туулгандыгы, каза болгондугу, нике жөнүндө, аталыкты аныктагандыгы, жашаган жери тууралуу документтер, «балага сүйүнчү» жана башка справкалар”,— деп билдирди Марипов.

Ошондой эле өкмөт башчынын айтуусу боюнча айыл өкмөттөрү калкты тейлөө борборлору сыяктуу эле ID-паспортторду, жарандык паспортторду алмаштырууга документтерди кабыл алып, кайра берүү иштери менен да алектенент.